Санаториянын тарыхы

Жалал-Абад курорту Кыргызстандын түштүгүндө, Жалал-Абад шаарынан 5 км  алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 975 м бийиктикте жайгашкан. Ал байыртан эле дары суулары менен таанылып, башка өлкөлөргө да белгилүү болгон. Жергиликтүү калк минералдык булактардын дарылык касиеттери жөнүндө 10-кылымдарда эле билишкен. 1886-жылы Ташкент табиятсыноочулар коому жана дарыгерлер Жалал-Абад суусун дары суу деп таанышкан, ошентип, 1886-жыл Жалал-Абад санаториясынын расмий таанылыш күнү катары эсептелинет.

Азыркы учурда санатория адистешкен климаттык-бальнобаткактык жана ичүүчү жай болуп эсептелет. Негизинен, анда ашказан, ичеги-карын, сөөк-булчуң, бөйрөк, заара чыгаруу жолдору, аялдардын жатын, табарсык, тери жана аллергия оорулары менен жапа чеккендер дарыланышат.

“Жалал-Абад” санаториясынын территориясы 40 гектарды ээлейт. Санаториянын бардык корпустары парк аймагында жайгашып, бак-дарактар жана гүлдөр менен курчалган. Жашыл отургузулмалар карагайдан, мырза теректен, эменден, жаңгак дарагынан, ак акациядан, зараңдан, каштан дарагынан, туй, платана жана арча ж.б.дан.

Санаториянын башкы дарылык фактору катары термалдык (жер алдынан +18 цельсиядан +44 С чейин жылуулуктагы), күчсүз жана күчтүү минералдашкан, атом менен газдалган гидрокарбонаттык-сульфаттык жана натрийлүү-кальцийлүү суулары, 6%түү кальций карбонатына ээ болгон кальций-магнезиалдык скелеттүү торфо-изолдуу ылайлары эсептелинет. Минералдык суулардын курамы сульфаттан, хлоридден, натрийден, калийден, кальцийден, азоттон, кычкылтектен турат, аны ичүүгө, дары ванналарын алууга жана ошондой эле дары ылайларын даярдоо үчүн да колдонушат.

“Жалал-Абад” санаториясында төмөнкү дарттар менен ооругандар дарыланат: өнөкөт ашказан оорусу, холецистит, гепатит, панкреатит, гастродуоденит, ичеги-карын жара оорулары, рубцевания этабындагы 12 эли ичеги, өнөкөт пиелонефрит, өнөкөт ич катуу, аялдардын жатын оорусу, бөйрөк, перифериялык нерв системаларынын оорулары (остеохондроз, радикулит, неврит, невралгия, НЦЦ, ВСД, чарчоо синдрому), тиш бүйлөлөрүн дарылоо (ооз көңдөйлөрүн минерал суулар менен чайкоо, ылай чаптоо), сөөк жана сустав оорулары (артрит, полиартрит), тери оорулары (аллергиялык оорулар, экзема, псориаз, дерматит).

Санаторияда толук кандуу дарылоо үчүн көптөгөн бөлүмдөр жана кааналар жайгашкан, алар төмөнкүлөр: минералдык ванна бөлүмү, жалпы жана гальвано-ылай бөлүмү, физиотерапевтикалык бөлүм, ичеги бөлүмү, бөйрөк жана жатын бөлүмү, дене тарбия бөлүмү, электрофорез, гальванизация, парафин менен дарылоо, укалоо кааналары: кол жана суу менен укалоо, ийне саюу менен дарылоо каанасы, тиш дарылоочу каана, косметикалык каана, галотерапия каанасы (туздуу шахта), минерал суулуу бассейн, фитобар.

Санаториянын клиникалык лабораториялары бар (анда кандын жалпы анализи, сийдиктин жалпы анализи, кандагы канттын өлчөмү жана простатанын суюктугу, УГИде суюктук алуу ж.б.у.с. аныкталат), андан сырткары УЗИ жана ЭКГ кааналары иштейт.

Оорулуунун комплекстүү дарылануусуна балчык жана суу менен дарылоо менен бирге климаттык дарылоо, парафин менен дарылоо, электр нуру менен дарылоо, фитотерапия, функционалдык терапия, диетотерапия жана санаториялык-курорттук режим кирет.

Санаторияда бардык конференцияларды жана семинарларды (көп сандагы делегацияларды батыра алуу менен мүмкүнчүлүгү бар) өткөрүүгө болот. Коноктор бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган эки заманбап конференц-залга жана өзүнчө 120 орундуу жайы бар банкетке жайгаштырылат. Санаториянын бардык аймагы: дарылоо корпустары, уктоочу корпустар жана ашканалар тез ылдамдыктагы интернетке туташтырылган. Банкоматтар жана төлөм терминалдары коюлган.