Дарылоонун негизги ыкмалары

Климатотерапия

Санаториянын климаты – бир калыптуу континенталдуу. Тоолуу курорттордун классификациясы боюнча “Жалал-Абад” санаториясы жапыс тоолуу, түштүк чөлдөгү зонанын жарым чөлдүү болуп эсептелинет. Курорт абанын атмосферанын төмөнкү басымдуулугу, негизги метеорологиялык элементтердин өзгөрүүсүнүн жогору эместиги (атмосфералык басым, абанын температурасы, нымдуулугу), күндүн тийишинин  узактыгы (бир жылда 2780 саат) жана жогорку өлчөмдөгү күн радиациясына ээ экендиги менен мүнөздөлөт. Жалал-Абадда басымдын өзгөрүлмөлүүлүгү жогору болбогондуктан, ал курорттун климатына оң таасирин тийгизет. Бул жерде жылдын бардык сезону ачык-айкын сезилип турат. Жалал-Абад Кыргызстандын бирден-бир ысык жайларынын бири. Кышы жумшак жана анын узактыгы болгону 49 күн (20-декабрдан 8-февралга чейин), айдын орточо температурасы +1,5 С. Кыш мезгилиндеги көп күндүк жылуу аба-ырайы климат менен узак убакытка дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. Жайы ысык, кургак жана өтө узак, узактыгы 5 айга жакын, айдын орточо температурасы +2,5 С ны түзөт.

Суу менен дарылануунун ичине минералдык ванна алуу, суу астындагы катарлаш массаж, минералдык суусу бар бассейнде сүзүү, дарылоо душтары (циркулярдык, жамгырлуу, көтөрүлүүчү, Шарко) жана суу ичип дарылануу кирет.

“Жалал-Абад”санаториясында беш скважина иштейт: №1, №2, №3, №4, №5 жана №6, 17 л/сек суммалык дебити менен. №1, №3, №4 жана №6 скважиналарындагы минералдык суулар өзүнүн химиялык курамынын жана физикалык касиетинин өзгөчөлүгү боюнча өз алдынча жалал-абаддык тибине кирип, күчсүз минералдашкан суу катары мүнөздөлөт. Булар – күчсүз күкүрт водород жыттанган тунук, түссүз суулар. Температурасы боюнча алар термалдык (+28 С – +43 С), ал эми курамы боюнча татаал сулфаттуу-гиброкарбонаттуу-хлориддүү-натрийлүү-кальцийлүү жана натрийлүү-калийлүү-магнийлүү. Анда кремнийлүү кислотанын жогорку курамы жана белгиленген нормадан ашпаган сандагы бром, фтор, марганец, темир, фосфор жана микроэлементтер бар. Газдын курамында азот бар, ал эми көмүр кычкылы менен күкүрт водороду аралашкан абалда кармалып турат. №5 скважина. Ал минералдашуусу боюнча орто минералдашканга кирет (7,3 г/л) жана хлориддүү-натрийлүү курамга ээ. Санаториянын территориясында суу алуучу №27 скважина жайгашкан. №27 скважинанын суусу бир топ минералдашкан жана ага сульфаттуу-хлориддүү-натрийлүү курам мүнөздүү. Андан тышкары, санаториядан 2,5 км алыстыкта жогорку минералдуу хлориддүү-натрийлүү-калцийлүү суусу бар “Шор-Булак” булагы бар, аны жергиликтүү эл ванна алуу  жана ичүү үчүн пайдаланышат. “Жалал-Абад” санаториясынын №1 скважинасынын минералдык суусун булактын өзүнөн ичүү сунушталат, анткени анын физикалык жана химиялык касиеттери сакталат. Суу менен дарылануу төмөнкү дарттар менен ооругандарга сунушталат: өнөкөт гастрит, холецистит, гепатит, колит, панкреатит, гастродуоденит, ичеги жарасы жана рубцевания этабындагы 12 эли ичеги, өнөкөт пиелонефрит, өнөкөт ич катуу, аялдардын жатын оорулары, бөйрөк оорулары,  перифериялык нерв системаларынын оорулары (остеохондроз, радикулит, неврит, невралгия, НЦЦ, ВСД, чарчоо синдрому), тиш бүйлөлөрүн дарылоо (ооз көңдөйлөрүн минерал суулар менен чайкоо, ылай чаптоо), сөөк жана муун оорулары (артрит, полиартрит), тери оорулары (аллергиялык оорулар, экзема, псориаз, дерматит), кичи жамбаш сөөктүн өнөкөт суук өткөн учурлары жана тамак сиңирүүнүн бузулушу.

Балчык менен дарылоо (аппликация, гальвано-баткак, ректальные и вагинальные тампоны)

Санаториянын климаты – бир калыптуу континенталдуу. Тоолуу курорттордун классификациясы боюнча “Жалал-Абад” санаториясы жапыс тоолуу, түштүк чөлдөгү зонанын жарым чөлдүү болуп эсептелинет. Курорт абанын атмосферанын төмөнкү басымдуулугу, негизги метеорологиялык элементтердин өзгөрүүсүнүн жогору эместиги (атмосфералык басым, абанын температурасы, нымдуулугу), күндүн тийишинин  узактыгы (бир жылда 2780 саат) жана жогорку өлчөмдөгү күн радиациясына ээ экендиги менен мүнөздөлөт. Жалал-Абадда басымдын өзгөрүлмөлүүлүгү жогору болбогондуктан, ал курорттун климатына оң таасирин тийгизет. Бул жерде жылдын бардык сезону ачык-айкын сезилип турат. Жалал-Абад Кыргызстандын бирден-бир ысык жайларынын бири. Кышы жумшак жана анын узактыгы болгону 49 күн (20-декабрдан 8-февралга чейин), айдын орточо температурасы +1,5 С. Кыш мезгилиндеги көп күндүк жылуу аба-ырайы климат менен узак убакытка дарыланууга мүмкүнчүлүк берет. Жайы ысык, кургак жана өтө узак, узактыгы 5 айга жакын, айдын орточо температурасы +2,5 С ны түзөт. Жай мезгили жылдын башка сезондоруна караганда бир топ ыңгайлуу,  климаттык дарылоонун метеорологиялык шарттуулугу – аба-ырайынын туруктуулугу жана ультрафиолеттик нурлардын табигый ресурстарынын жетиштүүлүгү оң натыйжа берет. Күндүн нуру териге тиери менен сезгич нервдик тарамдардын өтө чоң массасын ойготот, көп сандаган тери рецепторлоруна жана нерв системасы аркылуу ички органдардын функциясына таасир кылат. “Жалал-Абад” курортунун климаты, жогоруда айтылгандай, апрелден октябрга чейин созулуучу климаттык дарыланууга, негизинен, гелиотерапияны пайдаланууга шарт түзөт. Санаторияда жылдын бардык сезонунда аэротерапия (территорияда сейилдөө) жүргүзүлөт.

Парафин менен дарылоо

“Жалал-Абад” санаториясында парафин менен дарылоо кеңири колдонулат. Дарылоо курсу 5-10 процедураны түзөт, анын ар биринин узактыгы 30-60 мүнөттөн. Дарылоо ар күнү же күн алыс жүргүзүлөт. Бул жерде парафин менен дарылоонун эки ыкмасы колдонулат: 1. Кюветтүү парафин. Парафин парафин ысыткычта +100 Сда ысытылат, андан кийин парафин 1,5-2 см калыңдыкта кюветке куюлат, +50 Сдан +55 Сга чейин муздаган парафин кюветтен алынып, ооруган жерлерге жабылат.  2. Салфеталуу-аппликациялуу парафин. Мында 10 кабаттуу марлини эритилген парафинге салып, аны сыгып ооруган жерге коёт. Парафин менен дарылануу төмөнкү дарттар менен ооругандарга сунушталат: булчуң эттеринин жана нерв учтарынын өнөкөт жана катуу оорусу, жабышып, чанчкак туруп такашкан жерлер, дактар, аялдардын жатын оорулары, бөйрөк оорусу, ичеги жарасы, холецистит, колит.

Электржарыкдарылоо

Электр тогу менен дарылоонун эң кеңири тараган түрлөрү электр нуру менен дарылоо, гальванизация жана электрофорез. Булар “Жалал-Абад” санаториясынын дарылоо шартында кенен колдонулуп, айрыкча бальнеотерапевтикалык процедура менен өзгөчө айкалышат. Сууктун өтүшүп кеткен учурларында аны өз алдынча дарыланууга сунуштайт. Электр нуру менен дарылоо – бул ден соолукка байланыштуу көптөгөн проблемаларды чечүүнүн универсалдуу ыкмасы. Ушул терапиянын жардамы менен дарылануучу оорулардын диапозону кеңири болгондуктан, дарыгерлер дарылоонун бул ыкмасын көп колдонушат. Электр нуруна кактоо менен көптөгөн тери ооруларын айыктырышат. Нур менен дарылоо суук өткөнгө, бүтүп бараткан жараларга, ооруну басаңдатуучу аракеттерге, иммунитетти жогорулатууга, Д3 витаминин стимулдаштырганга жакшы таасир берет. Гальванизация жана электрофорез – электр тогунун төмөнкү чыңалуусунда колдонулуучу дарылоонун ыкмалары. Ал бардык курактагы адамдарга жакшы таасир этет. Ток берүү менен ткандардын иондук жана химиялык курамы, алардын электрдик абалы, андагы суунун составы, биологиялык активдүү заттар жана ферменттер өзгөрүлөт, клеткалык мембраналардын жыштыгы жогорулайт. Жыйынтыгында, нерв системаларынын абалы турукташат, кан айлануу, зат алмашуу жана организмдердин ткандарынын азыктануусу жакшырат. Гальванизация суук өткөн жерлердин оорусунун азайышын, иммунитеттин жогорулашын жана көп ткандардын калыптануу процессинин тездешин жөнгө салат. Гальван тогу организмге дары заттардын киришин тездетет жана аларды активдештирет. Бул метод электрофорез деп аталат. Биздин санаторияда заманбап керектүү бардык аппаратуралар менен жабдылган физиотерапиялык кааналар жайгашкан: “УВЧ-30”, “ПРК-2”, “Ундатерм-80”, “СНИМ-1”, “ЛУЧ-58”, “Тонус”, статикалык душ, “Амплипульс-5”, “УТП-1” ультра-үндүк терапия аппараты, 4Б электроуктаткычы, “КУФ-1, 4 үк тубустук, УФО нурдантуучу, “ИСКРА-1”, “Соллюкс” лампасы, Минина лампасы, Баха лампасы, “Поток”, гальванизация аппараты жана жарык ванналары, 4 үк камералык ваннасы. Электр тогу менен дарылануу төмөнкү дарттар менен ооругандарга сунушталат: өпкө оорулары (пневмония, күчтүү жана өнөкөт бронхит, плавит, бронхиалдык астма), жүрөк-кан тамыр системалары (гипертониялык оору, ревматизм), 12 эли ичеги жана ашказан (жара, гастрит, колит), таянуучу-кыймылдатуучу аппараттар жана тамырлар, теринин борбордук жана перифериялык нерв системалары (экзема, псориаз, жара, ириңдөө, рожа жана фурункул), ЛОР оорулары (тонзилит, ринит, отит, фарингит), травманын кесепетин дарылоодо трофика менен иннервациянын бузулушу.

Фитотерапия

Санаторияда фитотерапия катары “Кедр челегиндеги” процедура жана фиточай ичүү колдонулат. “Кедр челеги” (фито-бочка) – дарылык-профилактикалык мини-сауна, ал ысык буу жана табигый кубаттандыруучу компоненттерден (түрдүү чөптөрдүн тундурмасынан) турган жаратылыш материалдарынын пайдалуу күчү менен айкалышкан. Кедр дарагы фитонциддерди бөлүп чыгарат, алар оору пайда кылуучу микроорганизмдерди жок кылат жана абага пайдалуу айыктыруучу касиет берет. 5-6 сеанстан кийин “Кедр челеги” нерв системасынын, тамырлардын жана таянуучу-кыймылдатуучу аппараттардын оорусун айыктырууга жардам берет, ашыкча салмактан арылтат жана косметологиялык жардам көрсөтөт. Фито-челек 3 жаштан баштап жаш балдарга да, чоң адамдарга да колдонулат. “Кедр челегинин” процедурасына мыкты кошумча катары фиточай кызмат кылат. Патодарылоо менен буу ваннанын биримдиги төмөнкү жыйынтыкка жеткирет: кан айлануунунун жакшырышы жана кан басымынын нормалдашуусу, ооруксунуунун, шамалдоонун, спазманын жана стресстин жоюлушу, иммунитеттин чындалышы, ишке жөндөмдүүлүктүн жана жыныстык функциялардын жогорулашы, калыптануу процессинин тездеши, майлардын эриши, организдин ички резервдеринин жогорулашы, карылык процессинин жайлашы, керексиз заттардын чыгарылышы жана целлюлиттен арылуу. Фитотерапия менен дарылануу төмөнкү дарттар менен ооругандарга сунушталат: 1-2 стадиядагы гипертония оорусу, нейроциркульная дистония, жүрөктүн ишемикалык оорусу, 1-функционалдык класстагы стабилдүү стенокардия, муун оорусу,  омуртканын кыйшаюусу, булчуң эттердин патологиясы, травмадан кийинки абал, 2-стадиядан жогору эмес дем алуунун жетишпестиги менен ремиссия стадиясындагы өнөкөт спецификалык эмес бронхо-өпкө системалары, бөйрөктүн кызматынын акырындык менен бузулушунан келип чыккан заара, жыныс органдарынын суук тийген өнөкөт оорулары, теринин өнөкөт оорулары (экзема, псориаз, атипический дерматит), стресстик факторлордун өнөкөт таасирлери, нерв системаларынын оорусу (көкүрөк-муун жана бел курчоо омурткаларынын остеохондрозу, нервоздор, уйкунун бузулушу), семирип кетүү жана целлюлит.

Минеалдык сууларды дененин сыртынан кабыл алуу

  1. Минералдык ванналарды алуу үчүн ванна имаратта 1-скважинанын суусу пайдаланылат (1-табл.). Бул – термалдык аз минералдашкан сулфаттуу-гидрокарбонаттуу-хлориддүү-калцийлүү суу. Минералдык ваннаны алуу жана бассейн үчүн ал суу 36-37 о ка чейин муздатылат.
  2. № 1 бассейндин имаратында душ алуу үчүн 3-скважинанын суусу пайдаланылат (1-табл.). Ваннаны алуунун алдында суу 36о ка муздатылат.
  3. № 1 бассейндин имаратында суу процедурасын алуу үчүн №5 РЭ скважинасынын орто минералдашкан хлориддүү-сулфаттуу-натрийлүү суусу пайдаланылат (1-табл.), суу процедурасын алуунун алдында суу 37-38 о ка муздатылат.

Душтар

Жалал-Абад курортунда суу менен дарылоо процедурасына душ да кирет,  анда суу түрдүү температурада түрдүү басым менен шорголоп агып турат. Душтар №1 бассейн имаратында гидропатиялык кафедра аркылуу берилет. Курортто циркулярдык, жамгырлуу, көтөрүлгөн душ жана Шарко душу берилет.

  1. Циркулярдык душ.

Методикасы: 32-35 температурадагы суу, таасир этүү убактысы 2-5 мүнөткө чейин, күндө же күн алыс, 10-12 күн, басымы 1,3-2 атм.

Көрсөтмө: неврастения гипостеникалык формада, зат алмашуунун начарлашында.

  1. Жамгырлуу душ.

Методикасы: 32-35 температурадагы суу, таасир этүү убактысы 3-5 мүнөткө чейин, күндө же күн алыс, 10-12 күн.

Көрсөтмө: неврастения гиперстеникалык формада, өтө чарчоодо.

  1. Көтөрүлгөн душ.

Методикасы: 36-38 температурадагы суу, таасир этүү убактысы 3-6 мүнөткө чейин, күндө, 10-12 күн.

  1. Көрсөтмө: простатит, кичи жамбаштын айланасында өнөкөт суук өткөн учурларда, өнөкөт геморрой.

Минеалдык сууларды ичтен кабыл алуу

Мындай дарылоо минералдык сууларды ичүү жана ашказанды, ичегилерди жуудуруу (субаквалдуу ванна) түрүндө колдонулат. №1 скважинасынын минералдык суусун булактын өзүнөн ичүү сунушталат, анткени анын физикалык жана химиялык касиеттери сакталат. Суу менен дарылоо 37-38 оС температурада жалпы кабыл алган методика менен жүргүзүлөт. Ашказандын күчөгөн абалдагы секретордук функциясына тамак ичкенге чейин 1,5 саат мурда, сууну чоң өлчөмдө тез-тез жутуу сунуш кылынат. Аны менен дары суу ашказандан тез өтүп, күчөгөн абалдагы секретордук функциясына тормоздук таасир берет. Андан тышкары, суунун температуралык фактору антиспастикалык жана ооруксунуунун жок болушуна жардам көргөзөт. Бул методика жогорку секретордук функциядагы өнөкөт гастрит, ашказан жарасы жана 12 эли ичеги менен ооругандарга колдонулат. Төмөнкү секретордук фунциядагы ашказан оорусу менен ооругандарга тамакка чейин 15-20 мүнөт калганда сууну анча чон эмес жутум менен жутуу сунушталат, мындай метод ашказандын секретордук функциясына узакка таасир этилүүсүнө шарт түзөт.  Бул методика төмөнкү секретордук фунциядагы өнөкөт гастрит менен ооругандарга колдонулат. Нормалдуу секрециядагылар үчүн тамакка чейин 45-60 мүнөт калганда ичүү сунушталат.

Мындан сырткары, сууда сульфаттык иондун жана магнийдин ионунун болушу аталган минералдык суунун өттү бөлүп чыгаруу эффектин камсыздайт, өт жолдорундагы жана өнөкөт холецистит менен ооругандардын өт баштыкчаларындагы такалууларды жоёт.

Функционалдык терапия (ЛФК, массаж, терренкур)

ЛФК

Жалал-Абад курортунда дарылоо дене тарбиясы оорулууларды дарылоонун негизги бөлүгүнө кирет. ЛФК таңкы көнүгүү түрүндө комплекстүү көнүгүүлөр, терренкур, оюн, суудагы физикалык көнүгүү сабактары жүргүзүлөт. Сабактар ЛФК каанасында тайпалык же жеке сабак түрүндө ашказан-ичеги оорулары, 12 эли ичеги, гастрит, колит, гинекологиялык оорулар, полиартрит, радикулит жана жүрөк-кан тамыр системалары ооруган оорулууларга жүргүзүлөт. Дарылоо дене тарбиясы сууда жай айларында (июнь, июль, август, сентябрь) №2 бассейнде 30о температурада жүргүзүлөт.

Терренкур

Терренкур – дарылоо дене тарбиясынын бир формасы, организмди чыңдоо үчүн түз, тоолуу жерлер менен бир калыпта жөө басуу. Жөө басуу менен адамдын жүрөк-кан тамыр системалары көнүгөт, организмдин чыдамкайлуулугу, кычкылтекти керектөөсү жана кабыл алуусу жогорулайт, ткандардагы зат алмашуу жакшырат.

Терренкур дарылоочу дарыгердин көрсөтмөсү менен оорулуунун жалпы абалына, метеорологиялык факторлорго карап, жайдын салкын кездеринде, кышында күндүн жылуу учурунда жүргүзүлөт.

Терренкурду жүргүзүү үчүн кийим жеңил, басууга ыңгайлуу жана температуранын шарттарына ылайык болуусу керек. ЛФКнын бул формасын тамактангандан 1,5 саат өткөндөн кийин колдонсо жакшы. Процедуралары (ванна, чоң көлөмдүү ылай) көп күндөрдө терренкурдун темпи төмөндөйт, эс алуу убактысы узарат. Терренкурду жүргүзүүнүн тууралыгын дарылоочу дарыгер көзөмөлдөйт жана оорулуу өзүн-өзү көзөмөлгө (жөө басууга чейин жана андан кийин 30 мүнөт аралыгында пульс өлчөнөт) алат. Өзүн-өзү көзөмөлдөөнүн маалыматы дарылоочу дарыгерге кабарланат.

Теренкурду сунуштоодо жүрүштүн темпи ажыратылат:

  1. Жай – бир мүнөттө 60-80 кадам;
  2. Орто – бир мүнөттө 80-100 кадам;
  3. Тез – бир мүнөттө 100-120 кадам;
  4. Өтө тез – бир мүнөттө 120 жана андан көп кадам.

Терренкурга каршы көрсөтмө: өтүшүп кеткен оорулар, оорулуунун жалпы алсыз абалындагы жүрөктүн иштешинин декомпенсациясы.

Курортто маршруттар иштелип чыккан:

№1 маршрут

бий аянтчасынан Жаңы-Булак бассейнинин жанындагы аллея менен, куроттун конторасынын жаны менен, аллея менен оңго бурулат, ашкананын жаны менен өтүп, №1 корпус, анан оңго бурулат, тепкич менен жогору көтөрүлөт, анан аллеяга бурулат, №6 жана №7 үйлөрдүн жаны менен бий аянтчасын карай жөнөйт жана бий аянтчасына келип токтойт. Маршрут тегиз жерлерде жүрөт. Узактыгы 610 метр. Этаптуу дем алуу 3-5 мүнөт аралыгында ашканага жакын жерде тепкичке көтөрүлүүдөн мурда, анан акыркы дем алуу бий аянтчасында 5-15 мүнөт. Жүрүштүн темпи жай, орто жана жүрүштүн узактыгы дем алууну эсепке албаганда, жолго 10-15 мүнөт кетет. Дарылоо курсу ортолоп калган оорулууларга сунушталат.

№2 маршрут

бий аянтчасынан 540 метр жүрүп, анан солго күн менен дарылануучу жайга чейин тепкич менен, андан кийин оңго курорттун территориясынан чыгуучу жогорку аллея менен 840 м деген белги боюнча оңго Кыз-Булак ваннасына чейин, 940 м деген белги аркылуу аллея менен, Жаңы-Булак бассейнинин жаны менен жүрөт жана бий аянтчасынан бүтөт. Тепкич менен кыска өйдөлүш аркылуу №4 жана №5  5-7 о күн менен дарылоочу жайга 10-12о 30 м аралыкта маршрут түз жер менен жүрөт. Маршруттун узундугу 1090 м. Күн менен дарылануучу жайда 3-5 мүнөт эс алат. Акыркы эс алуу бий аянтчасында 10-20 мүнөт убакытка созулат. Жөө жүрүүнүн темпи жай, орто, жалпы узактыгы дем алууну эсепке албаганда, жолго 15-20 мүнөт кетет. Бул маршрут дарыланууну баштаганда жана ортолоп калганда, этияттанып дарыланып жаткандарга дарылоонун акыркы күндөрүндө көнүгүү сунушталат. №3 корпусуна чейин аллея менен барып, балдар бөлүмүнүн жанынан кайрадан бий аянтчасына, жогоруда айтылган жерлер менен кайтып келүү керек, т.а. ал 600 мден кем эмес узундукка жогорулайт, ылдый түшүү жана жогору чыгуу кесилиши 2-3о.

№3 маршрут

бий аянтчасынан башталат, № 6-7 үйлөрдүн жанынан аллея менен өтүп, оңго бурулуп тепкич менен күн менен дарылануучу жайга, курорттун территориясынан жогору түндүк тарапка айылга кетчү жол менен 165 м басат, жогору бурулуп тоо тарапка кеткен жалгыз аяк жол менен тоонун чокусуна өйдөлөп жөнөйт. №5 станциядан тоонун кыры менен, жол ушул кыр менен түштүккө жөнөйт, №8 станциядан оңго бурулуп, ылдыйга карап ийри-буйру жалгыз аяк жол менен курорттун кире беришине жакын жердеги №14 булакка түшөт. Мында (№12 ст.) №3 маршрут №2 маршрут менен кесилишет жана бий аянтчасына жөнөйт. Этаптуу дем алуу №5 станцияда 5-7 мүнөт, акыркы дем алуу 14-30 мүнөткө бий аянтчасында. Маршруттун узактыгы 1500 м. Жогорулоо – 165 м ден №3,8-12о ка, №3 станциядан №5, 9-19ога, №8 станциядан № 12, 5-9-13оке чейин. Жүрүштүн жай темпи менен горизонталдык кесилиш орто, дем алууну эсепке албаганда узундук 30-33 мүнөт. Бул маршрут дарыланууну баштаганда жана ортолоп калганда жылдын салкын жана жаансыз күндөрүндө көнүктүрүү сунушталат.

№4маршрут

бий аянтчасынан башталып, 3-мартшрут боюнча 165 м, андан ары айыл көчөсү менен жол уланат да, №2 станциясынан курорттун үстү менен тоо боорлоп жөнөп, оң жакка тоого көтөрүлүүчү жалгыз аяк жолго бурулуп, №9 ст. бурулуштан оңго курорттун үстү менен тоонун кырына, маршрут кыр менен №5 станцияга келип, №3 станция менен биригип, анын жолу менен бий аянтчасына уланат, маршруттун узундугу 2500 м. Этаптуу дем алуу №6, №18 станцияларда 3-5 мүнөт аралыгында, акыркы дем алуу бий аянтчасында 20-40-60 мүнөт, №3 станциядан өйдөлүш №63-6о, №6 станциядан №9 га чейин өйдөлүш 1-2о, №9-10 станциялардын аралыгында өйдөлүш 5о, 100 м менен 1100 м аралыгындагы өйдөлүш 12-13о, №11 менен 15тин аралыгындагы өйдөлүш менен ылдыйыш 0,5-1о жана калганы №3 маршруттагыдай. Жүрүштүн темпи жай же орто, узактыгы 40-50 мүнөт. Көрсөтмөлөр №3 маршруттукундай, дарыгерлер дарыгердин көрсөтмөсү менен маршруттун каалаган станциясынан кайтса болот, алардын эмне кылгандары боюнча маалыматтар санаториялык-курорттук китепчеге жазылат.

Диеталык тамактануу

Диеталык тамактануу – комплекстүү курорттук дарылоонун ажырагыс бөлүгү. Диеталык тамактануу – терапиянын башка методдорунун ичинен бир топ эффективдүүсү, айрыкча, ашказан-ичеги ооруларына пайдалуу. Туура тандалган диета жана тамактануунун режими оорулуунун организминин ишмердүүлүгүнө эң мыкты дарылык таасир жаратат. Алар организмдин иш жөндөмдүүлүгү үчүн бардык керектүү заттардын, микроэлементтердин, витаминдердин жана туздардын киришин камсыздашы керек.

Курорттун диетотерапиясы М.И.Певзнердин 10 дарылык диетасын колдонушат.

№1 диета

ашказан жарасы, 12 эли ичеги, гиперациддүү гастрит, перидуоденит ооруларына сунуштайт, анын максаты – акырындык менен ашказан былжыр челин тазалоо.

№2 диета

секретордук жетишпегендиктеги күчтүү эмес гастритке, өнөкөт энтеритке сунушталат. Максаты акырындык менен ашказан былжыр челин тазалайт.

№3-4 диета

ичеги ооруларына сунушталат.

№5 диета

боор, өт жолдору менен ооругандарга сунушталат. Анын максаты боорду тазалоо, өттүн чыгышын стимулдаштыруу, холестериндик  алмашуудан арылтуу.

№7 диета

сийдик чыгаруу жолдору ооруганда, аларга суук өткөн учурларда, суу-туздук жана белоктук алмашуунун бузулушунда. Максаты – бөйрөктү тазалоо, сийиктин бөлүнүшүн  күчөтүү. Туз менен суюктук чектелет.

№8 диета

зат алмашуу бузулганга, ашыкча семирүүгө сунушталат. Анын максаты май басууну чектөө, кычкылдануу процессин жана суюктуктун бөлүнүп чыгышын күчөтүү.

№9 диета

кант оорусу менен ооругандарга сунушталат, белоктордун, майлардын көп киришине углеводдорду чектөө үчүн каралат.

№10 диета

журөк-кан тамыр ооруларына сунушталат. Тузду, суюктукту жана азоттук заттарды чектөө менен жүрөктүн иштешин жеңилдетилет.

№15 диета

ден соолугу чың адамдарга сунушталат, анын максаты толук кандуу, рационалдуу тамактанууну камсыздоо болуп саналат. Мындай диета ашказаны операция болгон оорулууларга жекече берилет да, 12 эли ичегиси, ашказан жарасы күчөп кеткен учурда киргизилет, анын максаты – ашказанды, ашказан былжырларын тазалоо, ашказанга кирген тамактардын мыкты сиңишин камсыздоо.